Среда, 9 октября

Иранда жасалма арактан 21 киши өлдү

0

Ирандын Мазендеран облусунда жасалма алкоголдук ичимдиктен 21 адам каза болду.

Иран студенттик кабар тармагынын (SNN) маалыматына караганда, Мазендеран соттук медицинасынын башкы директору Али Аббаси облуста метил спиртинен келип чыккан катуу уулануудан улам 21 кишинин каза болгонун билдирди.

Өлгөндөрдүн 18инин эркек, үчөөсүнүн аял экенин белгилеген Аббаси, метил спиртин ичүүнүн сокурдукка, бөйрөк жетишсиздигине жана өлүмгө себеп болгонун эске салды.

Мазендеран Саламаттыкты сактоо илимдер университетинин дарылоо бөлүмүнүн башчысы Ресул Заферменд болсо метил спиртин ичкендиктен уулануу белгилери менен ооруканага 284 адамдын кайрылганын кабарлады.

Ирандык дарыгердин айтымында, алардын 4үнүн көрүүсү начарлап, 81и бөйрөк оорусунан улам диализге кабылды.

Алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынган Иранда арзаныраак болгону үчүн кээде этил спиртинин ордуна мыйзамсыз ичимдиктерде метил спирти колдонулганы, мунун да өлүмгө жана көрүүнүн начарлашына алып келген ууланууга себеп болгону айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз