Среда, 9 октября

Кичине кызды унаа сүзгөн видео тарады

0

Бишкекте 7 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочуну жоопкерчиликке тартуу талап кылынууда. Кыздын апасы Элиза Каленованын айтымында, кырсык 23-сентябрда кечки саат жетилер чамасында Гагарин-Элмирбек Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Кызымды сүзүп кеткен айдоочунун оозунан спирт ичимдиги аябай жыттанып турду. Тез жардамды күтүп, анан биз ооруканага кеттик. Ошондо дарыгерлер кызымдын оозу жарылганын айтышты, тигип беришти. Аны менен ооруканага жата алган жокмун. Анткени дагы бир кызым бар. Өзүм жалгыз бой энемин. Улуу кызымды жалгыз калтыра албай үйгө кеттик. Дарыгерлер айтышты телефонуңузду өчүрбөңүз милициядан чалышат деп, бирок эч ким чалган жок», — деди ал.

Элиза Каленова кырсыктан кийин эч ким ага кайрылбаган соң, 26-сентябрда милицияга арыз жазган. Ал жол кырсыгы иликтенип, айдоочу тиешелүү жазасын алышы керек деп ыйлам сырады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз