Среда, 9 октября

ТМУнун орган жана ткандарды трансплантациялоо системасы түзүлөт

0

Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр «Түрктрансплант» системасын түзөт.

Азербайжандын Шуша шаарында ТМУнун саламаттыкты сактоо министрлеринин 4-жыйыны өткөрүлдү.

Азербайжандын саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаевдин төрагалыгында өткөн жыйынга ТМУнун Башкы катчысы элчи Кубанычбек Өмүралиев, Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Даврон Султанов жана Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ерболат Оспанов катышты.

Мусаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө, ТМУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосунда бирдиктүү медициналык илимий чөйрөнү түзүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана биргелешкен медициналык билим берүү стандарттарын аныктоо алардын негизги иш багыттары экенин билдирди.

Жыйындан кийин министрлер ТМУнун алкагында орган жана ткандарды трансплантациялоо темасында маалымат жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берүүчү «Түрктрансплант» системасын түзүү боюнча ниет протоколуна кол коюшту.

Мындан тышкары, ТМУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтеринин илимий-изилдөө институттарынын ортосунда онкология, кардиология, офтальмология, педиатрия, травматология жана ортопедия тармактарында өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз