Воскресенье, 20 октября

Акжол Махмудов Германияда экинчи ирет жеңишке жетишти (Видео)

0

Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионаты Бундеслигада экинчи жеңишине жетишти.

Махмудов Германиянын «Шорндорф» клубунун катарында 86 кг салмакта күрөшүүдө. 12-октябрда «Шорндорф» клубу «Ваккер Бургхаузен» командасы менен таймашып, 14:13 эсебинде жеңишке жетти. Бул таймашта Махмудов германиялык Роланд Шварц менен күч сынашты. Ал атаандашын 9:1 эсебинде жеңди. Махмудов «Шорндорфтун» катарында күрөшө баштагандан бери 3 беттеш өткөрдү. Анын экөөндө жеңишке жетип, бирөөндө жеңилүү ызасын тартты. Эми анын клубунун кийинки беттеши 19-октябрда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз