Суббота, 19 октября

Казакстандын Талгар шаарына Улуттук гвардиянын күчтөрү киргизилди. Себеби

0

Казакстандын 16 жашар өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Талгар шаарына Улуттук гвардиянын күчтөрү киргизилди. Массалык маалымат каражаттары жазгандай, 16 жаштагы Шерзат Полат үй-бүлөсүнө жардам берип дүкөндө иштечү. Түндө белгисиз кишилер келип, пиво алган соң акчасын төлөбөй коюшкан. Чыр чыгып, кардарлар башка кишилерди да чакырып мушташ чыгып кеткен. Алар баланын өзүн, атасын, агасын сабап, Шерзаттын жүрөк, өпкө тушуна бычак сайышкан. Бала ата-энесинин көзүнчө үзүлгөн. Ага кол салгандардын айрымдары кармалган. 12-октябрда ата-энеси өспүрүмдү акыркы сапарга узатарда алардын үйүн өрттөп кетишкен. Буга чейин шаарда уюшкан кылмыштуу топ бар экени айтылып, бирок бийлик аны четке каккан. Башкы прокуратура менен ИИМ ишти жеке көзөмөлүнө алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз