Суббота, 19 октября

Евробиримдик Украинага 35 млрд доллар насыя бермей болду

0

Европа парламентинин (ЕП) комитети Евробиримдиктин (ЕБ) Орусиянын тоңдурулган активдеринин кирешесин күрөө катары көрсөтүп Украинага 35 миллиард евролук насыя берилишин кабыл алды.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа парламентинин соода комитетинин жыйынында Орусиянын тоңдурулган активдери менен Украинага колдоо көрсөтүү демилгеси талкууланды.

Комитет мүчөлөрү Чоң жетиликтин болжол менен 45 миллиард евролук убадасынын алкагында Евробиримдиктин Орусиянын тоңдурулган активдеринин кирешесин күрөө катары көрсөтүп Украинага 35 миллиард евролук насыя берилишин 4 «каршы», 31 «макул» добушу менен бекетти.

Бир тараптан Украинанын чукул каржылык муктаждыктарын колдоо максатында даярдалган демилгенин алкагында Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн киреше агымы ЕБ жана G7 өнөктөштөрүнөн бериле турган насыялардын төлөнүшүнө жумшалат.

Демилгенин 21-24-октябрда өтүүчү Европа парламентинин Башкы ассамблеясынын сессиясында добушка коюлушу күтүлүүдө.

Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн лидерлери июнда Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн пайданы күрөө катары көрсөтүп Украинага 50 миллиард долларлык насыя берүүнү макулдашкан.

Орусия-Украина согушу башталгандан бери (2022-жылдын февраль) Батыш өлкөлөрү Орусиянын болжол менен 300 миллиард долларлык активдерин тоңдурду. Бул сумманын болжол менен 200 миллиард доллары ЕБ өлкөлөрүндө.

Тоңдурулган активдер жыл сайын миллиарддаган доллар пайыздык киреше алып келет.

G7 өлкөлөрү, өзгөчө АКШ бул кирешени Украинаны колдоо үчүн колдонгусу келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз