Пятница, 18 октября

Жапаров: Бийлик жергиликтүү шайлоого аралашпайт

0

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого бийлик кийлигишпей турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин 16-октябрда жасаган кайрылуусунда айтылат.

Жапаров 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына, андан киийн аз убакыт өтпөй эле президенттик шайлоо өтөрүн белгилеп, элди жергиликтүү кеңештердин да, кийинки шайлоолорго да жигердүү катышууга чакырды.

“Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат”, — деди президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз