Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, КР Укук бузуулар кодексинин 355-беренесине ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 441 миң сом өлчөмүндөгү 7 айып пул салды.