Пятница, 18 октября

Соцфондго тогуз айда 7,7 миңден ашык кайрылуу түшкөн

0

Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 7 741 кайрылуулар келип түшкөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинде:

  • жазуу түрүндөгү кайрылуулар – 384;
  • ооз эки кайрылуулар – 1046;
  • Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 109 жаран;
  • «Кыргыз радио» эфиринен – 4;
  • ишеним телефондор аркылуу – 3545;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2653.

Жарандар көбүнчө төмөнкү багыттар боюнча кайрылышат:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • Соцфонддун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз