Пятница, 18 октября

Стамбулда “жасалма интеллекттин” ММКлардагы орду талкууланат

0

Дүйнөдөгү массалык маалымат каражаттарынын эң чоң биримдиги болуп эсептелген “Азия-Тынч океан телерадиоберүү биримдиги” (ABU) Стамбулда Түркия радиотелекөрсөтүү мекемесинин жетекчилигинде (TRT) чогулууда.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда 18-23-октябрь күндөрүнүн аралыгында «Жасалма интеллект, телерадиоберүү жана коомчулук» темасы менен өткөрүлө турган 61-ABU Башкы Ассамблеясына 60ка жакын өлкөдөн 400дөн ашуун телерадиокомпания катышат.

Беш күнгө созула турган иш-чаранын алкагында конференциялардан жана панелдерден тышкары 13-ABU TV ыр фестивалы да уюштурулат.

ABU төрагалыгын 2023-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажынын катышуусунда өткөрүлө турган жыйындарда, жасалма интеллект технологияларынын берүүлөрдүн келечегин кандайча калыптандыраары, санариптештирүү процесси жана бул трансформациянын социалдык өлчөмдөрү сыяктуу темалар каралат.

13-ABU TV ыр фестивалы 20-октябрда Стамбулдагы Лүтфи Кырдар эл аралык конгресс жана көргөзмө борборунда өтөт.

Азия-Тынч океан аймагынын маданий байлыктарын көрсөтө турган иш-чара; 11 өлкөнүн өнөрпоздорун бир сахнада чогултуп, аймактын музыкалык көп түрдүүлүгүн таанытууга салым кошууну көздөйт.

Түркияны Синан Акчыл өкүлдүк кыла турган ABU TV ыр фестивалын TRT Музыка экрандарынан түз көрүүгө болот.

Телекөрсөтүү, радио жана санариптик медиа тармактарында 15 бөлүмдө уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнүн сыйлыктары ABU сыйлык тапшыруу аземинде тапшырылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз