Пятница, 18 октября

Борбор калаада “АгроТехЭкспо” көргөзмөсү башталды (Фото)

0

Бишкекте “АгроТехЭкспо” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтүүдө.
Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникаларынын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жабдуулардын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дарылар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, энергетикалык продуктулар, асыл тукум малдардын жана башка айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү коюлган.

Ошондой эле көргөзмөдө айыл чарба техникасын чыгаруучу дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн продукциясынын 250дөн ашык түрү коюлган. Көргөзмөнүн алкагында лизингдик долбоорлордун бет ачары болуп өттү.

Көргөзмөнүн негизги максаты — инвесторлорго айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты түзүү, фермерлердин заманбап агро өнөр жай технологиялары боюнча маалыматын жогорулатуу.

Белгилей кетсек, «Алтын күз» жарманкесинде жарандар эт, жашылча, мөмө-жемиш жана башка азыктарды дүң баада сатып ала алышат. Жарманке үч күнгө созулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз