Эске салсак, 9-октябрда 14 адам тоого эндиктин тамырын казганы кетип, байланышка чыкпай калган.
Куткаруучулар 16-октябрда 8 адамды аман-эсен таап, калган 6 адамды издөөгө киришкен. ӨКМдин куткаруучулары кечээ тик учак менен кар көчкү түшкөн жерге барып, 3 адамдын сөөгүн тапкан. Тилекке каршы, бүгүн калган 3 адамдын да сөөгү табылды. Изделип жаткандардын бирөө Кытайдын жараны экени айтылган эле.