Суббота, 19 октября

Вице-мэрден пара опузалаган прокурорлор кармалды

0

Бишкектин прокурорунун орун басары, шаардык прокуратуранын бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана Аскер лицейинин юристи кармалды. Бул туурасында маалымат булактар билдирди.

Аларды сурактан кийин УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына киргизишти. Алдын ала берилген маалыматтарда, алар Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиевден (“Тазалыктын” мурдагы жетекчиси) опузалап пара талап кылган деп шектелүүдө. Кеп 5 миң доллар туурасында жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз