Понедельник, 21 октября

Москвада Кыргызстандын Маданият жана искусство күндөрү өттү

0

Москва шаарына расмий сапар менен келген Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоого карата Россиянын Мамлекеттик академиялык чоң театрында уюштурулган Кыргызстандын Россиядагы Маданият жана искусство күндөрүнүн ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземи РФ президенти Владимир Путин жана КР президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуулары менен башталды. Анда эки мамлекеттин лидерлери бул маанилүү окуя менен куттуктап, эки элдин ортосундагы маданий кызматташтык Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достугунун маанилүү аспектиси болуп кала берээрин жана тыгыз кызматташуусу мындан ары да бекемделээрин билдиришти.

Андан соң майрамдык кечеде Кыргызстандын жана Россиянын белгилүү чыгармачыл топтору жана аткаруучулары өз өнөрлөрүн тартуулады. Концерттик программага кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү, этнографиялык-фольклордук “Камбаркан” ансамбли, фольклордук-этнографиялык “Ордо-Сахна” ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли сыяктуу бир катар топтор өз программаларын тартуулап, ошондой эле элдик ырлар, күүлөр жана бийлер көрсөтүлдү. Салтанаттуу кече “Кыргызстан-Россия” аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталды.

Маданий кечеге КР министрлер кабинетинин жана РФ өкмөтүнүн толук курамы, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки мамлекеттин жарандары жана маданият кызматкерлери чакырылган.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине барды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз