Суббота, 19 октября

Бир жылда Израиль армиясы 42 миң 500 палестиналыкты өлтүрдү

0

Израиль армиясынын 2023-жылдын  7-октябрынан бери Газа тилкесине жасап келе жаткан кол салууларында  каза болгондордун саны  42 миң  500гө жетти.

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине 378 күндөн бери жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы  24 саатта Газа тилкесинин түрдүү аймактарында ишке ашырган кол салууларында 62 палестиналыктын дагы каза болгону, 300 кишинин жаралангандыгы белгиленди.

Израилдин  2023 —  жыл  7 — октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны  42 миң  500гө, жаралангандардын саны  да  99 миң 546га жеткендиги билдирилди.

Билдирүүдө өзгөчө азыр д уранды астында жана жол жээгинде каза болгондордун бар экендиги бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам саламаттыкты сактоо топтору менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөрүн алуу мүмкүн эмес экендиги кайталанды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз