Вторник, 22 октября

Илимпоздор түрк тилдерин өнүктүрүү маселесин талкуулады

0

Өзбекстандагы коомдук Туран илимдер академиясынын Ортатүрк тилин изилдөө институту «Түрк тилдеринин жазуу системаларын өнүктүрүү жана ортабитик жазуу системасын түзүү маселелери» темасында онлайн тегерек стол өткөрүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана башка түркий мамлекеттерден окумуштуулар, тил таануучулар жана эксперттер катышты.

Мааракенин модератору, философия илимдеринин доктору, профессор Бахтиёр Каримовдун айтымында, тегерек стол өзбек тилинин мамлекеттик тил макамын алган күнүнө жана Бишкекте өтө турган «Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны» алдында уюштурулуп жаткандыгы менен чоӊ мааниге ээ.

“Иш чаранын негизги максаты — түрк мамлекеттер уюму тарабынан түзүлгөн жалпы түрк алиппесин түзүү боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган долбоорду талкуулоо менен ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү болуп саналат”, — деп белгиледи Каримов.

Катышуучулар түрк тилдеринин жазуу системаларын өнүктүрүү жана жалпы түрк алфавити долбоору боюнча өз ара пикир алмашышты. Ошондой эле, казак, каракалпак, кыргыз, өзбек тилдеринин алфавитин жана жазуу системасын өнүктүрүнүн орчундуу маселелери талкууланды. Аны менен катар, келечекте ортабитик жазуу системасын түзүү көйгөйлөрүнө өзгөчө көӊүл бурулду.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, психология илимдеринин кандидаты, профессор Тууганбай Коӊурбаев сунушталып жаткан жалпы түрк алиппесинде ар бир улуттук тилдин өзгөчөлүгү сакталып калышы керек экендигин баса белгиледи.

“Маселен кыргыз тилинде башка түркий тилдеринен айырмаланган “ы”, “ӊ”, “ү”, “ө” сыяктуу тамгалар бар. Алар да сунушталып жаткан жалпы түрк тил алиппесинде өзүнчө фонемага жана графемага ээ болушу керек”, — деди Коӊурбаев.

Тегерек столго Кыргызстандын атынан, педагогика илимдеринин кандидаты Мелис Музулманов, филология илимдеринин кандидаты Айгул ⁠Батыркулова, педагогика илимдеринин кандидаты Айжан Ибирайым кызы жана кыргыз тил жана адабиятчы Бакбү Атабекова катышты.

Эскерте кетсек, 1989-жылдын 21-октябрында Өзбекстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, өзбек тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз