Вторник, 22 октября

Кыргызстандын эң коопсуз өлкөлөрдүн тизмесиндеги орду белгилүү болду

0

Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде (Global Peace Index) дароо 24 баскычка көтөрүлүп, 77-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган рейтингдик уюмдун маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, 2023-жылы Кыргызстан бул рейтингде 101-орунду ээлеп турган.

Мындай көрсөткүч Кыргызстан адам өмүрү үчүн коопсуз жана туруктуу болуп, эл аралык аренада позициясын бекемдеп бара жатканынын ачык далили.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз