Вторник, 22 октября

Мамлекеттик мейманканаларда казиного уруксат берүү сунушталууда

0
Казино, букмекерлерди мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мейманкана комплекстерине жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда.
Экономика жана коммерция министрлиги «КРдин оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүн, тагыраагы, «оюн-зоок жайларды мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган кыймылсыз мүлк объектилеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объектилеринде жайгашууга тыюу салынат» деген норманы алып салууну сунуштаган.
Аталган мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө оюн-зоок жайлары мейманкана комплекстеринде, ресторандар менен биргеликте жайгашышы керектиги жазылган. Демек, кеп мамлекеттик, муниципалдык же алардын үлүшү бар мейманканалар тууралуу болуп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз