Воскресенье, 24 ноября

Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-ноябрда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар форматтагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле 6-ноябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитине катышат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз