Воскресенье, 24 ноября

Чоң-Кемин жаратылыш паркында карагай отургузуу үчүн 1,5 миңдей чуңкур казылды

0

Чоң-Кемин жаратылыш паркында карагай отургузуу үчүн 1,5 миңдей чуңкур казылды. Бул туруалуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чуңкурлар «Жашыл Мурас» улуттук акциясынын алкагында күзгү көчөттөрдү отургузуу үчүн казылды.

Бул иштер кар жаап, аба ырайынын татаал шарттарына карабай токойду калыбына келтирүү максатында жүргүзүлүүдө. Отургузуу 3,7 га аянтка 4 бөлүктөн турган 12 блокто жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: Карагайлар катаал климаттык шарттарга, анын ичинде төмөнкү температурага жана катуу шамалга туруктуулугунан улам Чоң-Кемин сыяктуу тоолуу аймактарга отургузуу үчүн тандалат. Бак-дарактардын терең тамыры бар, алар эңкейиштерди бекемдөө менен топурактын эрозиясын алдын алууга жардам берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз