Воскресенье, 24 ноября

Түп районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

0

 Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталган. Объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түзөт.

Курулуп жаткан жаңы мектеп 3 блоктон турат эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.

Учурда мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары 95 пайызга аткарылда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз