Воскресенье, 24 ноября

Өлкө аймагында 30 миңден ашуун бала кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү

0

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгүнүн алкагында 30миңден ашуун бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Айчүрөк Макилова билдирди.

Анын айтымында, кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө кампаниясы бала бакчаларда, мектептерде жана үй-бүлөлүк медициналык топтордо жүргүзүлдү.

“Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнөктүгүн жүргүзүү боюнча буйругу чыккан. Буйруктун негизинде республиканын бардык аймактарында кызамакка каршы эмдөө эки жума өткөрүлүп, 9 айдан 7 жашка чейинки максаттуу топтогу 30 миңден ашуун бала эмдөөдөн өттү”, — деди дарыгер.

Мындан сырткары, дарыгер кызамык жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөө өнүктүгү республиканын бардык аймагында уланып жатканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймагында балдарды кызамыкка каршы эмдөө уланууда. Анткени, бизде кызамык оорусу менен ооругандардын саны жүз пайыз токтой элек, ооругандар дагы деле катталууда. Мындан улам биз эмдөөнү дагы улантуудабыз”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз