Воскресенье, 24 ноября

Кадамжайда дың жерлерди өздөштүрүү үчүн суу сактагычтарды куруулуда

0

Кадамжайда дың жерлерди өздөштүрүү үчүн суу сактагычтарды куруу иштери активдүү жүрүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды. Анда ал ижарага берилген жерлерди өздөштүрүү, максаттуу пайдалануу боюнча аткарылып жаткан иштерден кабар алды. Кыргыз-Кыштак айылындагы 20 гектар жерди ижарага алган ишкердин айтымында, дыйканчылык жана багбанчылык багыты үчүн 6 миң кубдук суу сактагыч куруп жатат.

Жерди өздөштүрүүгө даярдыктарды жаз мезгилине чейин бүткөрүп, жаз алды менен суроо-талап ээ болгон эрте бышуучу айыл чарба продукцияларын өстүрүү пландары менен бөлүштү.

Белгиленгендей, учурда Кадамжай районунун Жетиген жана Тамаша айылдарында эки чоң суу сактагыч курулууда. Бул иштер аймактагы жерлерди өздөштүрүү жана сугат суусун берүүнү жакшыртууга багытталган.
Акыркы эки жылда Кадамжай районунда 700 гектар дың жер өздөштүрүү үчүн жарандарга ижарага берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз