Воскресенье, 24 ноября

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

0

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 141 млн сомду түзгөн.

Белгиленгендей, жаңы курулган мектеп 3 блоктон турат эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Билим уясынын жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз