Суббота, 23 ноября

Жылдын башынан бери Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду

0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Жалал-Абад облусунан 417 тонна жаңгак экспорттолду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, андан 1 млрд 350 млн сомго жакын киреше түшкөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору бар. Анын ичинен эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз