Воскресенье, 19 мая

Ката чыккан аттестаттар боюнча жасалган кадамдар

0

Жакында Кыргызстанда ката менен чыккан аттестаттар тууралуу ар кандай талаш тартыштар болду. Бул маселе боюнча тууралуу «Учкун» ачык акционердик коомунун директору Дайыр Кенекеев буларга токтолду. Иш болгон жерде ката болбой койбойт.  Ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, бир кызматкер жумуштан алынды. 

Билим берүү министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана «Учкун» ачык акционердик коому келишим түзүп, 222 миң документ басып чыккан.  Анын ичинде 11-класстын аттестаты жана 9-класстын күбөлүктөрү бар.

«Жумушта каталар болот экен, 222 миңдин ар бирин текшерип чыга албайт экенбиз.»Среднюю реднюю» деген каталары менен 24 даана аттестат чыккан. Анын негизинде бөлүм башчы жумуштан алынып, 690 сом берип документтер кайра жасалып берилди. Алты кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды», — деди Кенекеев.

 Ошондой эле, «Учкун» ачык акционердик коому биринчи жолу мамлекеттик буюртманы аткарып жатканын жана буга чейин аттестаттарды жеке компаниялар жасап келгендигин кошумчалады.

«Среднюю реднюю» учуру аттестаттагы жалгыз ката эмес. Буга чейин «жөнүндө» деген сөздөгү «н» тамгасы «ң» болуп өзгөрүп калган. «Он окончил школу» деп жазылып, кыз бала эркекке айланып кеткен учур да болгон.

Эске сала кетсек, буга чейин аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгогон.

Кошумчалай кетсек, билим берүү тармагында буга чейин дагы ката басылган окуу китептеринин айланасында маселелер болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз