Суббота, 23 ноября

Бишкекте Түркиядагы аскердик төңкөрүштүн үч жылдыгы белгиленди

0

Ушул күндөрү Түркия Республикасында 2016-жылы 15-июлдан 16на караган түнү ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинин үч жылдыгы белгиленүүдө. Бул иш чара бир гана Түркиянын аймагында эмес, аталган өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жана башка саясый, маданий кызматташтыгы бар дүйнө жүзүнүн баардык булуң-бурчтарында да өткөрүлүп жатат. Анткени 251 адам каза болуп, эки миңден ашыгы жаракат алган жана Парламенттин имараты, мамлекеттин  Атайын бөлүгү (Спеңназ) сыяктуу саясый, аскердик стратегиялык жайларды бомбалаган төңкөрүшчүлөрдүн артында учурда АКШда башпаанек алган, дүйнөнүн 140 мамлекетинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Фетхуллах Гүлен (FETO) турат. Ошондуктан Түркиянын мамлекеттик мекемелери менен дипломатиялык корпустары ал мамлекеттерде да ушундай көрүнүш кайталанбашы үчүн Гүленчилердин чыныгы жүзүн ачып берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөөдө. 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 13-июлда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында TRT World тарабынан даярдалып, Брюссель, Нью-Йорк, Берлин сыяктуу шаарларда көрсөтүлгөн жана ФЕТӨнүн табышмактуу торун ортого чыгарган «The Network» (Сеть, Тармак) даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Бир сааттан ашык убакытка созулган  тасмада автор ислам динине жамынып алып, өзүн диний аалым катары көрсөткүсү келген, бирок үчүнчү классты да бүтпөгөн Фетхуллах Гүлен дүйнөлүк үстөмдүккө жана жеке керт башына сыйынууга жетүү үчүн кантип элдин, айрыкча жаш муундардын аң-сезимин буруп алгандыгы кеңири баяндалган. 

Ошондой эле аталган даректүү фильмде учурда АКШнын Пенсильвания штатында жашап жаткан Фетхуллах Гүлен Түркиядан качып кеткен соң ал жакта кантип башпаанек алып, өзүнүн “Алтын муунду” тарбиялап чыгарган “Себат” мектептерин ачкандыгы, анын артынан каржылык пирамида жасагандыгы жана башка элден обочолонуп, көмүскө иштерди жасап жаткандыгы боюнча өзүнүн мурдагы шакирттери, кошуналары менен карапайым америкалыктар кеңири баяндап беришкен. 

Ал эми 15-июлда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында төңкөрүш аракетинин үч жылдыгы жана “15-июль – демократия жана улуттук ынтымак” күнүнө карата журналисттер үчүн маалымат жыйыны өткөрүлүп, Элчи Жеңгиз Камил Фырат чакырылгандарга кеңири маалымат берди. “Бүгүн, үч жыл мурда, дал ушул күнү Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болгон. Бул күнү биздин баардык элчиликтер Фетхуллахчылар тууралуу кеңири айтып берип, алардын чыныгы жүзүн дүйнө элине көрсөтөбүз. Тилекке каршы 251 адамдын өмүрүн алып, эки миңден ашуун жарандарыбыз жаракат алган кандуу окуяны эки ооз сөз менен эле айтып бүтүрө албайсың. Ошондуктан башка да мамлекеттер Түркия кабылгандай абалга туш болбош үчүн кеңири баяндап бермекчибиз жана аларды толук жок кылмайынча күрөштү уланта беребиз”,- деди элчи.

Женгиз Камил Фырат андан ары  Russia Today (RT) телеканалы тарабынан Фетхуллах Гулен жана анын “Хизмет” кыймылы тууралуу тартылган беш сериялуу даректүү тасма боюнча кыскача баяндама жасады. “Сиздер баарыңыздар жакшы билгендей, эл аралык террордук топтор тууралуу түшүнүк бар. Алар негизинен курал, жардыруу, адамдарды барымтага алуу сыяктуу жырткычтык иштерди жасашат. Тилекке каршы террордук уюм болуп саналган Фетхуллахчылар террорчулуктун формасын өзгөртүп, ручка менен иш кылышат. Алардын түпкү максаты – мамлекетти ээлеп алуу. Албетте, айрым адамдар бул Түркиянын ички иши деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул бүткүл дүйнө жүзүнө тараган тармак жана түпкү максаты башка. Биз Бишкекте эки күн мурда TRT WORLD каналы тарабынан тартылган даректүү тасманы кыргызстандыктарга тартууладык. Ушул эле темага кайрылып, Фетхуллахчылардын чыныгы жүзүн ачып берүү максатында Russia Today каналы да беш сериялуу фильм тарткан. Анда адамдардын аң сезимин кантип ээлеп алып, каалагандай башкаруу ыкмалары кеңири баяндалган. Үчүнчү классты да бүтпөгөн Фетхуллах Гүлен адамдардын диний сезимине басым жасап, ал аркылуу артынан ээрчитип алган. Ал тургай өзүн бүткүл дүйнөлүк пайгамбар деп атаган. 

Өзүңүздөр бул документалдуу тасмадан көрүп тургандай, Фетхуллах Гүлен тарапкерлерине кандай гана ыкмалар менен болбосун бийликтин ар кандай түзүмдөрүнө кирип алуу буйругун берет. Акыркы буйруктарынын биринде “Биз Түркиядан кетүүгө аргасыз болдук. Бирок ишиңерди башка өлкөлөрдө уланта бергиле”,- деп айткан. Алар дүйнөлүк деңгээлде иш жүргүзүшөт.

Фетхуллах Гүлен жана анын кыймылы өз ишмердүүлүгүн 1976-жылы баштаган. Биринчи орунга билим берүү маселесин койгон. Жаштарды окутуп, өздөрүнө ылайык тарбиялоо аркылуу тарапташтарынын санын көбөйтүү. 

Алгач бир өлкөдө “Себат” мектебин ачышат. Анда талантуу жана зээндүү балдар тандалып алынып, алардын тобуна  “Алтын муун” деген ат коюлуп, бийликтин ар кайсы чечүүчү кызматтарына, сот, прокуратура сыяктуу таасирдүү кызматтарга орношуусуна жардам берилет жана алар аркылуу өздөрүнүн максатына жетишет. Ал эми мугалим болуп иштегендер маянасынын 25%ын мектептин директоруна берип турууга милдеттендирилет. Ар бир топто балдар арасында “Ага”, кыздар арасында “Эже” тандалып, баардыгы ошого баш ийишет. Бул өз кезегинде “Бүтүндөй Түркиянын агасына” баш ийишет. Ал Фетхуллах Гүлен менен түз байланыша алат. Мындай система ар бир мамлекетте бар. Бирок топ башчылар өз ысымы менен аталбай, кошумча ат берилет. Бул алардын жашыруун коду. 

Фетхуллахчылар бизге окшоп Фейсбук, Инстаграмм сыяктуу социалдык тармактарды колдонушпайт. Өздөрүнүн “Байлок”, “ИГИЛ”, “Танго” деген жашыруун социалдык тармактары бар. 

Мындан тышкары “Агаларга” намаз окубасаң боло берет, кээде спирт ичимдигинен да ооз тийип коюп, өзүңдү азыркы замандын адамы кылып көрсөтүшүң керек деген тапшырмалар берилет. Алар ар кайсы мамлекет менен элдердин каада-салтына, менталитетине ыңгайлашууга милдетүү. Мисалы, Япония менен Кореяда иштегендер жок дегенде жумасына бир ирет караокеге барып, ырдап туруусу керек. 

Фетхуллах Гүлендин эң жакын шакирттеринин бири, Zaman гезитин 20 жыл башкарган Хусейн Гүлержи өздөрүнүн банкы, коммерциялык ишканалары болгондугун кеңири айтып берген. 

Фетхуллах Гүлендин кыймылы 1976-жылы түзүлсө, 1980-жылы саясый партиялар менен иштеше баштаган. Түркия дүйнөдөгү экономикалык жактан алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет. Ушундай кубаттуу мамлекетте өздөрүнүн айтуусу боюнча, жүздөгөн мектептери бар кыймыл кандай каржылык пирамидага ээ болгондугун өзүңүздөр элестетип көрүңүздөр. Ал эми бүткүл дүйнө жүзүндөгү мектептеринин саны эки миңден ашат. 

Биз үчүн баарынан таң каларлыгы, Гүлен 1990-жылы АКШга көчүп барганда анын виза алуусуна БЧБнын (ЦРУ) кызматкерлери колдоо көрсөтүп, мүнөздөмө бергендиги болууда. 

Гүленчилер ар бир мамлекетте параллелдүү мамлекет түзүп алып, президент, өкмөт башчы, спикер өздөрүнүн кадрлары болбосо деле тарапташтары көпчүлүктү түзгөндө бул мамлекетти биз башкарып атабыз деп эсептешкен. Маселен, 2002-жылы Түркияда Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен иштеше баштаган. Андан соң лидерлер менен мамлекет жетекчилеринин баскан-турганын тыңшап, аларга компрамат чогулта башташкан. Мындай ыкма алар ишмердүүлүгүн жүргүзгөн баардык мамлекеттерде кеңири жайылган. 

2016-жылдын 15-июлунун түнүндөгү төңкөрүш аракетин уюштургандыгы үчүн жалпысынан 275 генералдар, адмиралдар, полковниктер камалды. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул кадрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Мармаристе эс алып жаткан учурда өмүрүнө кол салуу аракети болгон. Ал эми бул тасманын соңундагы 251 адам Түркиянын эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн курмандыкка чалган мекендештерибиз, биз алардын эрдигин эч качан унутпайбыз…”,- деп элчи көзүнө жаш алып, баянын жыйынтыктады.

Түркиянын элчиси мындан тышкары журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда “Маариф” фондунун мектептеринин ачылышы тууралуу соболго, “Учурда эки өлкөнүн бул багытта атайын түзүлгөн комиссиясы иш жүргүзүп атат. Жакында “Маариф” фондунун өкүлдөрү Бишкекке келип кетишти. Жыл соңуна чейин кыргызстандык делегация Анкарага барат. Буюрса, кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде билим бере турган мектептер жалаң гана Кыргызстандын билим берүү программасынын негизинде окутуп, кыргыз тараптын көзөмөлүндө болот. Ал эми түшкөн каражат ошол эле мектептердин материалдык-техникалык базасын оңдоого жумшалып же жаңы мектеп ачууга бөлүнөт, Түркияга бир сом да которулбайт”,- деди.

Белек Досназаров.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз