Среда, 29 апреля

Кашкар-Ош-Кашкар аба каттамы ишке киргизилди

0

Кашкар – Ош – Кашкар багыты боюнча жаңы эл аралык аба каттамы ишке киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришти.

Каттамдарды Chengdu Airlines авиакомпаниясы жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү С909 учагы менен аткарат.

“Ош” эл аралык аэропорту жүргүнчүлөргө саякаттын бардык этаптарында ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу менен эл аралык каттамдарды кабыл алууга жана жогорку деңгээлде тейлөөгө даяр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз