Кыргызстанда бир түндө мас абалында 54 айдоочу кармалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү өлкө боюнча жол эрежесин одоно бузган 2517 айдоочу аныкталган.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 54 айдоочу,
- карама-каршы тилкеге чыккан 12 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган 421 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 87 айдоочу кармалган.
Ошондой эле 387 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.