Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров отставкага кетти.
Бүгүн ал президенттин администрациясынын жамааты менен коштошту.
Министрлер кабинетинин Telegram-каналында аны президенттин администрациясынын кызматкерлери узатып жаткан видео жарыяланды.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 2021-жылдын октябрынан тарта министрлер кабинетин жетектеп келген.