Түркия, Израилдин 1967-жылдан бери басып алган Голан дөңсөөлөрүндө мыйзамсыз отурукташуу жерлерин кеңейтүү чечимин катуу айыптаганын билдирди.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Израилдин басып алган Голан дөңсөөлөрүндө мыйзамсыз отурукташууларды кеңейтүү чечимине катуу реакция кылды.
Министрликтин билдирүүсүндө, «Израилдин 1967-жылдан бери басып алган Голан дөңсөөлөрүндө мыйзамсыз отурукташуу жерлерин кеңейтүү чечимин катуу айыптайбыз», деп айтылды.
Билдирүүдө бул чечимдин Израилдин чек араларын оккупация аркылуу кеңейтүү максатынын жаңы баскычы экени баса белгиленди.
Израилдин уланып жаткан аракеттеринин Сирияда тынчтыкты, ырааттуулукту орнотуу иштерине олуттуу зыян келтиргени жана аймактагы чыңалууну дагы да арттырганы кабарланган билдирүүдө: «Эл аралык коомчулук Израилге керектүү реакциясын көрсөтүп, Нетаньяху өкмөтүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине чекит коюшу керек»,-деген сөздөр камтылды.