Быйыл кант кызылчасынын жалпы дүң түшүмү 870,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249,2 миң тоннага көп болду.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул түшүм 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла тургандыгынан кабар берет.
Белгиленгендей, алдыдагы максат көрсөткүчтөрдү көбөйтүп, кантты чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.
Мындай маалымат министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Шопоков шаарындагы «Кошой» ААКта өткөн көчмө жыйын учурунда айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө кант заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо, кызылча өстүрүүчүлөргө айыл чарба техникаларын сатып алууга жеңилдетилген насыя берүү, тармактагы жетишпеген инженердик-техникалык адистер, тамак-аш өндүрүшүнүн технологдору жана агрономдор менен камсыздоо маселелери каралды. «Кошой» заводу суткасына 3000 тоннага жакын кызылчаны кайра иштетет.
Ишканада туруктуу иштеген адамдардын саны 350гө жакын, ал эми сезон учурунда 620га жакын киши жумуш менен камсыз болот.
Быйыл «Кошой» кант заводу 5 миң гектарга жакын жерге кызылча сепкен. 2024-жылдын 13-декабрына карата ишканада 117 миң тонна кызылча кайра иштетилип, 29,2 миң тонна кант өндүрүлдү. Учурда кагаттарда 215 миң тонна кызылча сакталып турат.
Жыл сайын заводдун жабдууларын, имараттарды жана курулмаларды этап-этабы менен жаңыртуу иштери жүргүзүлүп келет.
Көчмө жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.