НАТО Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган жүргүнчү учагын иликтөөгө чакырды.
НАТОнун басма сөз катчысы Фарах Дахлалла X аккаунтундагы билдирүүсүндө кыйраган учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
«Биз кырсыктан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз жана толук териштирүүгө чакырабыз», — деди Дахлалла.
Азербайжан аба жолдорунун (AZAL) Баку — Грозный каттамын аткарган Embraer 190 үлгүсүндөгү учактын кечээ Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учурап кулаган.
AZAL учакта жалпысынан 67 адамдын болгонун, анын ичинен 5 кишинин экипаж экендигин билдирген.
Казакстандын вице-премьер-министри Канат Бозумбаев кырсыктан 38 адамдын каза болуп, 29 адамдын аман калганын билдирди.
Азербайжанда учак кырсыгында каза болгондор үчүн 1 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.