Суббота, 28 декабря

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

0

Бүгүн, 27-декабрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.

Масштабдуу аймактык долбоордун негизинде курулушту баштоо аземи Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында өттү.

Тарыхый мааниге ээ, бүткүл Орто Азия боюнча маанилүү болгон темир жолдун курулушун баштоо аземинде өлкө башчы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жөн гана транспорттук коридор эмес, маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат деп билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жөн гана транспорттук коридор эмес, бул Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат.

«Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк — Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга жана Борбор Азия жана жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга, андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Аталган темир жолдун курулушу менен чыгыш жана батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек Жолунун тарыхый деми калыбына келет», — деди президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз