Жаңы жыл майрамына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттык иш-чара өттү.
Иш-чараны оболу калаа башчысы Айбек Жунушалиев ачып, шаардыктарды майрамы менен куттуктады.
Шаар тургундарына жана конокторуна кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынан жагымдуу программа тартууланды.
Мындан сырткары, сахналаштырылган оюн-зооктор коюлду.