Ислам дүйнөсүндө Ражаб, Шабан жана Рамазан айларын камтыган ырайымдуулук, молчулук жана руханий жаңылануунун мезгили болгон касиеттүү үч айлар эртең башталат.
Мусулмандарга диний сезим жана ибадаттын күчтүүлүгү менен күнүмдүк жашоолорун суроо, жаңылоо мүмкүнчүлүгүн берген үч айлар жанданат.
Ислам дүйнөсүндө ырайымдуу жана берекелүү «үч айдын» жарчысы катары кабыл алынган Рагаиб түнү 2-январь бейшемби күнү өткөрүлөт.
Ислам дүйнөсү үчүн чоң мааниге ээ үч айдын бири Ражаб айынын биринчи бейшембиден жумага карган түнү белгиленген Рагаиб түнү «ырайым жана береке түнү» катары кабыл алынат.
Мухаммед пайгамбардын Аллахтын алдына көтөрүлгөн түнү катары эсептелген Мираж Кандили 26-январь жана «Рамазандын жарчысы» Берат Кандили 13-февралда өткөрүлгөндөн кийин мусулмандар тарабынан «он бир айдын султаны» катары аныкталган Рамазан айы 1-мартта башталат.
Курани Каримде «миң айдан да жакшыраак» деп айтылган Кадыр түндү мусулмандар 26-мартта, ал эми Орозо айт майрамын 30-мартта белгилешет.