2025-жылдын биринчи таңында Израилдин Газадагы геноцидине каршы Стамбулдан бүткүл дүйнөгө маңыздуу билдирүү жөнөтүлүүдө.
Чогулган эл Израилдин эзүүсүн бир добуштан айыптап жатышат.
Тарыхый жарым аралдагы мечиттерде окулган таң намазынан кийин он миңдеген киши Галата көпүрөсүн көздөй басышты.
Анадолу тараптагылар Эминөнүгө кайык менен келишти.
400 бейөкмөт уюмдун катышуусунда уюштурулган жүрүштө Түркия жана Палестинанын желектери көтөрүлдү.
Кеңири коопсуздук чаралары көрүлгөн көпүрөнүн ортосунда түрк жана англис тилдеринде «Газада геноцид токтотулсун» деген чоң баннер бар эле.
Митингде сүйлөгөн Билимди жайылтуу коомунун камкорчулар кеңешинин төрагасы Билал Эрдоган, Газада геноцидди Израилдин жалгыз жасабаганын, ок-дары жана каржылык жардам бергендердин да буга шериктеш болгонун айтты.
Ал Дамаскта болгон сыяктуу Газада да эркиндик жана адилеттиктин күнү чыга турганын билдирди.
Билал Эрдоган палестиналыктарга кайрылып: «Сиздердин жеңишиңер биздин жеңишибиз болот деп ишенем»,-деди.