Азербайжан Ирандын Бакудагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлүн Тышкы иштер министрлигине чакырды.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Ирандын Баку элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Сейит Жафер Мерян министрликке чакырылды.
Ирандын диний лидери Али Хаменеинин Ардебил өкүлү Хасан Амели Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө катышкан программасында Азербайжан жана президент Илхам Алиевди кемсинткен сөз сүйлөгөнү билдирилип, убактылуу ишенимдүү өкүл Меряндан түшүндүрмө талап кылынды.
Мерянга акыркы мезгилде Иран элин Азербайжанга каршы провокациялоо аракети жана бул маселе боюнча сезилген ыңгайсыздык тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары Иранда азербайжанга каршы үгүт иштеринин мамилелердин духуна жана эки өлкөнүн белгилеген максаттарына жана милдеттерине туура келбегени белгиленип, Азербайжанга каршы мындай провокацияларды токтотуу боюнча эскертүү берилди.