Воскресенье, 5 января

Соцтармакта “гүленчилерге” алданган жигиттин окуясы талкууланууда

0
Социалдык түйүндөрдө “гүленчилерге” алданган жигиттин окуясы талкууланууда. Тагыраагы Чынгыз аттуу жигит кандайча “Сапат” мектептерине киргенин, бул топтун желесине кантип илингенин айтууда.
Текстти өзгөртпөй беребиз:
Жашоодон көңүл калды…
Мен Чынгыз Жуманазаров «Ч.Айтматов» атындагы БКТЛ (Бишкек кыргыз-түрк лицейин) бүтүргөм. 7-класска чейин айылдагы орто мектепте окуп, Түрк лицейине сынактан өткөндө сүйүнгөн элем. Ал жакта окуй электе эле келечегимди жаркын элестетип, өзүмдү билимдүү, көптөгөн жөнөкөй мектептин окуучуларына караганда көбүрөөк тил билгендей көрчүмүн. Ал эми лицейдин кымбат контрагын төлөп берүүгө макул болуп, мени колдогон ата-энеме рахмат.
Лицейде 4 жыл окуп, ушул мектепте он биринчи класстын окуучусу болдум. Мен кыргыз жана орус тилдеринен башка дагы эки тилде (англис, түрк) сүйлөгөндү үйрөндүм . Жакшы билим алдым. Мектептин президенти да болдум. Ошол кезде мени Кыргызстандын эң мыкты мугалимдери окутту деп ойлогом. Ата-энем чет өлкөдө окуума акча төлөй албай калгандыктан, чет өлкөлүк университеттерге окууга мүмкүнчүлүгүм болсо да, ата-мекендик ЖОЖдорго тапшырууну пландадым. Жаздын бир күнүндө класс жетекчим чет өлкөдө окууну сунуштап, мен уча турган өлкө, башкача айтканда, Индонезияда билим алууга макул болсом, контрагымды окуу жай («Себат») өзү төлөп бере турганын айтты. Менин ордумда болсоңуз сиз эмне кылмаксыз?
Ошентип, мен макул болдум жана 2010-2011-окуу жылынын аягында студент катары Индонезиядагы эң мыкты университеттердин биринин студенти болдум.
ЖОЖдорго тапшырган абитуриенттер үчүн ЖРТга (республикалык тестирлөө) тапшырганда мынчалык жакшы жыйынтык чыгат деп күткөн эмесмин. Алтын сертификат алып, тестирлөөгө катышкан 72 миңдин ичинен 44-орунга ээ болдум. Бардык ата-энелердей эле апам менен атам мени менен сыймыктанышты, албетте, алар дагы бир жолу мени ушул лицейге окууга жибергенине сүйүнүштү.
Бирок мен Индонезияга кетүүнү чечкендиктен сертификаттын артыкчылыктарын колдонгон жокмун. Бүтүрүү кечеси өттү, жай өттү. Ийгиликтерим үчүн туугандарымдан, досторумдан көптөгөн куттуктоолорду уктум.
Ошентип отуруп Индонезияга кетүүчү күн да келди. Мен жалгыз учкан жокмун, мени менен бирге биздин өлкөдөн дагы 24 бүтүрүүчү учуп кеттик. Учакта баратып чыныгы жашоону көрө элек өспүрүмдөр бизди эмне күтүп турганын ойлогон да эмеспиз.
Барганыбызда ар кайсы шаарларга бөлүнүп калдык. Мен жана дагы 9 кыргызстандык Индонезиянын борбору Жакартада билим алышыбыз керек болчу. Бизди ошол лицейдин жатаканасына жайгаштырышты. Буга албетте капа болдук. Анткени биз окуй турган университетке алыс жашаганга туура келди. Бул тууралуу сураганыбызда, алар бизге батир таап бергенче бир-эки күн ошол жакта экенибизди айтышты. Эртеси кайра ушул мектепте жашайсыңар, окуйсуңар деп айтышты. Дагы да бизди ого бетер капалантканы, убада кылынгандай англис тилинде эмес, үчкө чейин санай албаган, таптакыр биз түшүнбөгөн жергиликтүү тилде билим ала тургандыгыбыз болду.
Ал эми окуу үчүн биз: биринчиден, индонезия тилин үйрөнүшүбүз керек болчу, экинчиден, университетке барышыбыз керек болчу. Айтор, мунун баарын уюштурган мугалимдер айткандай биз студент эмес, жөн эле «бүтүрүүчүлөр» болгонбуз. Айткандарынын баары алдамчылык, тагыраагы «тузак» болуп чыкты. Убакыттын өтүшү менен бизди эмне үчүн ал жакка алып келишкенин так түшүндүк…
Көрсө, биздин окуубузду Индонезия мамлекети эмес, Фетуллах Гүлен түзгөн диний коом каржылап, «ХИЗМЕТ» же «ГҮЛЕН КЫЙМЫЛЫ» деп аталып, өзүбүз да билбеген абалда бул кыймылга мүчө болуп калган экенбиз. Лицейде бизге 5 жыл сабак берген мугалимдердин баары, бардык түрк лицейлери бул системага кирерин билдик. Жаш кезимде диний сектага кирип калганым мага таң калычтуу болду.
Индонезия тили курстары башталды. Биз тил үйрөнгөнчө, ошол эле учурда Гүлен кыймылынын тарыхын, максатын барган сайын тереңирээк түшүнүп жаттык. Бул секта Исламдын жана түрк идеологиясынын атын жамынган, бирок исламды ичтен ириткиси келген каапырлардын кызыкчылыгына кызмат кыларын билдик. Ар бир коомдогудай иерархия болгон жана биз анын эң төмөнкү деңгээлинде жалданган адамдардай болуп, өзүбүздүн милдеттерибиз болгчу. Милдеттери жөнөкөй эле: эч кимге каршы болбо, тил кайтарба, беш убак намазды оку, Гүлендин шакирттери жана Фетуллах Гүлендин өзү тарабынан атайын түрк тилинде жазылган адабияттарды жаттап оку, Гүленди урмат-сый менен «ХОЖА ЭФЕНДИ» деп атоо ж.б.
Түрк лицейинин окуучулары үчүн үлгү болгон, айткандарынын бардыгын жасаган, биздин тилде «Тарбиячы», түрк тилинде «Агабей» (улуу ага). Ал эми эң негизги милдет, тарбия жагынан өткөн жыйындардын бардыгына катышуу, жумасына эки жолу болчу.
Мунун баары мага жаккан жок, анткени мен динди, педагогиканы окуу үчүн эмес, жогорку билим алуу үчүн келдим да. Анан мен алданып калганымды түшүндүм. Мен учак билетиме коротчу акчамды эмес, келечегимди тобокелге салып жаттым. Өмүрүмө ким кепилдик берет деген санаа кыйнады.
Кыргызстандагы мугалимдерге айтсам, жооп катары мен алданбаганымды айтып сооротушту. Бирок алар жөн гана чындыкты толугу менен айтышкан жок, анткени окуучулар чындыкты толук билгенде кантип тузакка илинишмек эле? Анан эң таң калычтуусу, алардын ою боюнча, биз ал жерде билим үчүн эмес, «Хизметке» кызмат кылуу үчүн келген экенбиз. Ал эми мен окуй турган университетти мен эмес, алар тандашкан. Анан мен «Кыймылга» пайдалуураак кесипти тандашым керек экен. Мындай баарлашуудан кийин мен бул сектага тандоо жолу менен кирген саналуу эле окуучулар бар экенин түшүндүм. Анан бул сектага киргенден кийин андан чыгуу абдан кыйын. Ошондо мен дароо «Хизметтен» кетүүнү чечтим жана кийинки рейске билет сатып алдым.
Индонезияга учканга чейин жана андан кийинки байкоолорума караганда: мен бул сектанын биринчи жана акыркы курмандыгы эмесмин. Алар балдарды Түрк лицейине киргенден баштап, тактап айтканда 7-класстан баштап тандашат. Ар бир студент үчүн файл сакталат. Бул жерде алар окуудагы жетишкендиктер боюнча гана эмес, үй-бүлөсү кандай жашап жатканы, ата-энеси жылына канча акча табаары жана окуучунун толук кандуу үй-бүлөдө болгону тууралуу маалыматтарды чогултат. Мунун баарын алар студенттердин өздөрүнөн жыл сайын берилүүчү анкеталар аркылуу жана жылына бир жолу ар бир студенттин үйүнө барып үйрөнүшөт.
Чет өлкөдө билим алууну каалаган, бирок ага толук мүмкүнчүлүгү жок жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын кыялга жетелеп, тузак катары пайдаланышат. «Хизмет» тил алчаак жана токтоо студенттерди өз максаттарына жетүү үчүн «тарбиялайт», анткени аларды башкаруу оңой. Анын үстүнө биздин курактагы адамдар башкалардын таасирине оңой эле берилип кетишет.
Ошентип, бул факторлордун бардыгын колдонуу менен дүйнөгө таасир этүү күчүн алышат.
*
P.S. Биз билбеген дагы канча нерсе бар?
Автор: Жуманазаров Чынгыз (unknown_273@mail.ru)

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз