Воскресенье, 19 мая

Манас университетинин башкаруу кеңеши жыйынга чогулду

0

Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникациялар департаментинин башчысы, камкорчулар кеңешинин тѳрагасы Фахреттин Алтун Кыргыз Түрк Манас университетине келди. Тѳраганын катышуусунда университетте Камкорчулар кеңешинин жыйын болду. Жыйында окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы университеттин ишмердүүлүгү, жасалган иштери, пландары тууралуу маалымат берди.

Андан соң университеттин окуу-методикалык программасына жана чарбачылык иштерине байланышкан маселелер каралды.

«1995- жылы ачылган университет жогорку окуу жайлардын арасында маанилүү орунду ээлейт.Ал Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы жана илимий изилдѳѳдѳ ири боштукту толтуруп, аймактардын баарын камтыды», -деди Фахреттин Алтун.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева катышты.

Фахреттин Алтундун айтымында Түркия окуу жайды ѳркүндѳшүн колдоп келет.

Жыйындын жүрүшүндѳ илим жана изилдѳѳ тармагын мындан да жакшыртуу максатында маанилүү чечимдер жасалды.

Иш сапардын алкагында Түркиянын Президенттик Аппаратынын Коммуникациялар департаментинин башчысы 2016-жылдын 15-июлунда окуяны чагылдырган сүрѳт кѳргѳзмѳсүндѳ болуп,этнография жана археология музейинде болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз