Среда, 8 января

АКШнын беш штатында өзгөчө кырдаал жарыяланды

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кентукки, Виржиния, Канзас, Арканзас жана Миссури штаттарында калың кар, муз каптоо, нөшөрлөгөн жамгыр жана катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бороон-чапкын күтүлгөнүнө байланыштуу 30 штатта болсо «коопсуздук абалы» жарыяланып, коомчулукка үйдө калуу сунушталды.

АКШда болжол менен 1500 учуу жана кээ бир поезд каттамдары токтотулду, 2 миң учуу кийинкиге жылдырылды.

Кентукки, Виржиния, Канзас, Арканзас жана Миссури штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланып, кыштын катаал шарттары өлкө боюнча 62 миллион адамга таасир этет деп болжолдонууда.

АКШнын Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгынын (NOAA) маалыматына караганда, бул аймактарда «акыркы 10 жылдагы эң калың кар жаашы» күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз