Четверг, 9 января

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары жолугат

0

Бүгүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу өтөт.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алардын жолугушуусу Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болмокчу.

Жолугушууда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз