Суббота, 11 января

Палестинада бир жылдан ашык убакытта 202 журналист өлтүрүлдү

0

Палестинада Израиль тарабынан кыргынга учураган журналисттер  борбор шаар Анкарада эскерилди.

Анкара Палестина тилектештик платформасынын (ANFİDAP) мүчөлөрү 10-январь Эмгектенип жаткан журналисттер күнүндө Израилдин Палестинага кол салуусунун натыйжасында каза болгон басма сөз кызматкерлерин эскеришти.

Гүвенпаркта чогулган платформа мүчөлөрү Израилдин кол салууларында Палестинада каза болгон журналисттердин фотосүрөттөрүн алып жүрүштү.

Платформанын атынан билдирүү жасаган журналист Тайяр Тержан Палестинада 461 күндө 202 журналисттин каза болгонун, 399 журналисттин жараланганын, 43 журналисттин туткунга алынганын айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн дүйнөдө басма сөз эркиндигинен сөз сүйлөп, бир топ өлкөгө  сабак берүүгө аракет кылганын белгилеген Тержан Батыш медиасынын Израилдин кол салууларына үн катпай жаткандыгын баса белгиледи.

Тержан: «Биз жөн гана журналист эмес, адамбыз, ар кандай согуш мыйзамдары, адамдык жана абийир баалуулуктары тебеленип, дээрлик 1,5 жылдан бери жүргүзүлүп жаткан бул геноцидди токтотуу үчүн чара көрүлүшүн каалайбыз»,-  деди.

Палестиналык журналист Захер Албек да Израилдин чындыкты жашыруу үчүн журналисттерди атайылап өлтүрүп жатканына көңүлдөрдү бурду.

Албек Газадагы журналисттердин “Унчукпастан калбагыла” деген билдирүүсүн белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз