Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) “Түрк Жибек жолу” долбоору уникалдуу туристтик маршрутту санариптик платформага чыгарып, саякатчыларга чөлкөмдөгү бай мурастарды таанытууга багытталган. Ал эми “Табаррук зиярат” долбоору түрк дүйнөсүнүн ыйык жана руханий жерлерин бириктирип, элдердин маданий жана тарыхый байланыштарын чыңдайт.
Ошондой эле ТМУ кышкы туризмди да активдүү өнүктүрүүдө. Түрк тоо лыжасы курортторунун биримдиги аймактын кооздугун гана эмес, активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Жалал-Абад шаары 2025-жылы «Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору» деп жарыяланды.
ТМУ экотуризмди да жигердүү түрдө алга сүрөйт. Соңку жылдары туризм тармагында кесиптик даярдоо программаларынын алкагында 1500дөн ашуун адис окуудан өттү.