Кыргызстанда акыркы эки жумада курч респиратордук вирустук инфекцияларды жугузгандар көп катталып жатканы айтылган. “Кабар” агенттиги Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен маектешип, ооруканадагы абал тууралуу бир катар суроолорго жооп алды.
— Учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында канча бейтап дарыланууда. Орундардын жетишсиздиги жаралбай элеби?
— Учурда ооруканага кайрылгандардын жана дарыланып жаткандардын саны көп болууда. Оорукана 500 орунга ылайыкташтырылганы менен бүгүнкү күндө 554 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 504ү жаш балдар. Күнүнө жүзгө жакын адамды үйүнө чыгарсак, кайра эле ооруп келген жүздөй бейтапты жаткыруудабыз. Ооруканага кайрылгандардын бардыгын дарыгерлер сөзсүз түрдө көрүп, көрсөтмөсү барларды, абалы орточо оор же оор акыбалда болгондорду дароо жаткырат. Ошол себептен биз палаталарда эле эмес, коридорлорго атайын керебеттерди коюп жаткырганга мажбур болуп жатабыз. Анткени биздин эң биринчи максатыбыз келген оорулууларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү. Антпесе жугуштуу оорулар өтүшүп кетсе, адамдын абалы начарлап кетиши мүмкүн.
— Ооруканада дарыланып жаткандар тууралуу айта кетсеңиз. Алардын басымдуу бөлүгүн кайсы ооруларга чалдыккандар түзүүдө?
— Бейтаптардын арасында курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук инфекциялары боюнча дарыланып жаткандар көп. Ошону менен катар кызылча оорусу менен келгендер басымдуулук кылууда. Калгандары ичеги-карын оорулары, вирустук гепатит, менингит, энтеровирус, суу чечекти жугузуп алгандар. Жугуштуу вирустук инфекция менен келгендердин саны – 174, 201 бейтап кызылча оорусу менен ооруп жаткандар, вирустук гепатит – 62, ичеги-карын инфекциясы – 54, ал эми башка оорулар буларга караганда бир аз азыраак.
— Аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок, көбүнесе кайсы облус жана шаарлардан көп келишүүдө?
— Бейтаптардын 70 пайыздайы Бишкек шаарынан, калгандары Чүй облусунан. Бизге күнүгө 300-350гө чукул оорулуулар кайрылат. Алардын көпчүлүгү балдар. Абалдарына жараша 100гө жакыны ооруканага жаткырылат. Ал эми 200дөй жаран дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн келет. Ошол эле жарандар Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна барышса деле, кеп-кеңештерди алышмак. Ошондуктан түз эле алар ооруканага кайрылгандыктан, кезекте тургандардын саны көп болуп жатат. Буга байланыштуу мен жарандарга кайрылып кетет элем, биринчи ирет үй-бүлөлүк дарыгерлерине кайрылып, ошондон кийин гана көрсөтмө менен бизге келсе, адистер ооруканага жаткыра тургандарды жаткырып, убагында дарыламак. Экинчиден, бизге келгендер чыдамкайлык кылып дарыгерлерди күтүп турушса дейт элем, жугуштуу оорулар башка оорулардан айырмалангандыктан, ар бир ооруну өз-өзүнчө кабинеттерде кароо керек.
— Азыр ооруканага кызылча менен ооругандар көп келип жатабы?
— Кызылча оорусун жугузгандардын 90%дан ашыгын эмдөө албагандар түзүп жатат. Алар убагында эмдөө алса, мындай абал жаралмак эмес. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө алуу зарылдыгын айтып жатса деле, эмдөөдөн баш тарткандар башкаларга ооруну жугузуп жатат. Кызылча оорусуна каршы эмдөө жүргүзүү аркылуу илдетти башкарса болот. Бул илдетке шек саналган учурда балдарды обочолонтуп, эл көп топтолгон жерлерге, оюн-зоокторго алып баруудан алыс болуу кажет.
— Ооруканаларга айрыкча 14 жашка чейинки балдар көп түшүп жаткандыктан, ата-энелерге кандай кеңеш бересиз?
— Бүгүнкү күндө курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук инфекциясы, грипп күчөп жаткан учурда чоңдор жана балдар эл көп чогулган жерлерге баруудан кармана туруулары зарыл. Мында биринчиден өздөрүнүн балдарынын, экинчиден өзгөлөрдүн ден соолугун сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер ооруп калышса, өз алдынча дарыланбай, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушу керек. Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо шарт.
Бизге кышкысын курч мүнөздөгү дем алуу органдардын вирустук инфекциясы, жайкы мезгилдерде ашказан, ичеги-карын жана башка ооруларга кабылгандар көп кайрылат. Мындам улам биздин оорукана бейтаптарды кабыл алууга дайыма даяр, дары-дармектер жетиштүү. Бейтаптарды ооруканага жаткырууга туура келсе үйүнө кетирбейбиз, орун жок болсо да сөзсүз түрдө дарылаганга алып калабыз.
Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги