Быйыл “Учур” театрына жаңы заманбап имарат салынат. Бул тууралуу “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын директору Рыскул Боромбаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Боромбаевдин айтымында, 2025-жылдын аягына чейин азыркы имараттын ордуна заманбап, трансформер стилиндеги жаңы театр салынат.
“Учур” мамлекеттик театры 15 жылдан бери имаратынын шарты жоктугуна, суугуна карабай бардык күчүн, талантын жумшап чоң спектаклдерди коюп келе жатат. Жакында да эле мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, буюрса жаңы имарат салынганы турат”,-деди ал.
Ошондой эле ал Борбор Азияда бүгүнкү күндө мындай театр жок экенин айтып, Кыргызстан алгачкылардан болуп саларын белгиледи.
“Алтынбек Аскаровичтин сунушу боюнча театрды болушунча көрүүчүлөргө ыңгайлуу кылуу керек болду. Сунушту эске алуу менен Россиядан чакырылган адистердин жардамында имараттын архитектурасын заман талабына ылайык иштеп чыктык”,-деди ал.