Суббота, 18 января

Бакуда Карабак жикчилдеринин соту башталды

0

17-январда Азербайжанга жана азербайжан элине каршы согуш кылмыштары үчүн айыпталган Карабак жикчилдеринин лидерлеринин кылмыш иши боюнча ачык сот башталды.

Баку Аскердик сотунда Аркадий Гукасян, Арайик Арутюнян, Бако Сахакян, Давид Ишханян, Давид Бабаян, Лева Мнацаканян, Давид Манукян, Гарик Мартиросян, Меликсет Пашаян, Давит Аллавердян, Гурген Степанян, Левон Балаяян, Мадат Бабаян, Василий Бегларян жана Эрик Казарянга козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала сот отуруму өттү.

Баку Аскердик сотунда судьялар Зейнал Агаев, Жамал Рамазанов жана Анар Рзаевдин (запастагы судья Гүнел Самедова) төрагалыгы астында өтүп жаткан даярдык отурумунда айыпталуучулар тилмеч жана адвокаттар менен камсыз болушту. Кылмыш ишине 531 миң жабырлануучу жана алардын өкүлдөрү катышууда. Судья аларга айыпталуучулардын укуктары жана милдеттери армян тилинде түшүндүрүлгөнүн белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз