Суббота, 18 января

Бишкекте ысык суу төлөмдөрү эмнеге жогорулады? БЖТнын жообу

0

«Бишкек жылуулук тармагы» декабрда жылытуу жана ысык суу үчүн төлөмдөр ноябрга салыштырмалуу жогору болгонунун себебин түшүндүрдү.

Ишкананын маалыматына караганда, жылуулук кыш мезгилиндеги беш айга абанын табына жараша бөлүнөт. Төлөмдү эсептөөдө Кыргызгидрометтин маалыматтары колдонулат. Мисалы, күн жылуу болсо азыраак, суук болсо көбүрөөк жылуулук берилет. Ушуга байланыштуу ноябрга салыштырмалуу декабрь үчүн төлөм көбүрөөк чыккан.

Мындан тышкары, мекеме 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулук үчүн тарифтер жогорулаганын эске салды. Маселен, батиринин аянты 80 чарчы метрден ашпагандар жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн чарчы метрине 1 560 сомдон төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998,17 сомдон болот.

«Бишкек жылуулук тармагы» абоненттерди бардык суроолор боюнча ишкананын байланыш борборуна кайрылууну сунуштайт.

Абоненттерди колдоо борбору:

1980 (колл-борбор), (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, o (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз