Вторник, 21 января

Бишкектеги ботаникалык бакка өзгөчө статус берилди

0

Улуттук илимдер академиясынын “Э. Гареев атындагы ботаникалык бак” илимий-изилдөө институтуна өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусу берилди. Тиешелүү чичимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ботаникалык бактын жер участоктору: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан, аянты 127,0 га болгон жер участогу, Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 135/212 дарегинде жайгашкан, аянты 20,15 га болгон жер участогу; Нарын шаары, Ленин көчөсү (н/ж) дарегинде жайгашкан, аянты 4,17 га болгон жер участогу “Калктуу конуштардын жерлери” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которулду.

Улуттук илимдер академиясына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын режимин талаптагыдай сактоону камсыз кылуу тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз