Среда, 29 апреля

Палестиналык оорулуу балдар Италияга жеткирилди (Видео)

0

Италиянын Палестина калкына гуманитардык жардам көрсөтүү программасынын алкагында кечээ Газа тилкесинен Египетке алып келинген рак оорусуна чалдыккан 14 бала жана алардын үй-бүлөлөрү бүгүн кечинде Римге келишти.

Вице-премьер жана тышкы иштер министри Антонио Таяани Италиянын аба күчтөрүнө таандык C130 транспорттук учагы менен Римдин Чампино аэропортуна келген палестиналыктарды тосуп алды.

Палестиналык балдар Италиянын ар кайсы ооруканаларында дарыланышат.

«Мындан кийин биз дагы көп адамдарга жардам бере алабыз деп үмүттөнөм. Жаңы өтүнүчтөр келип түштү. Биз алардын оорусун жеңилдетүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз», — деди министр Таяни.

«Согуштардын бейкүнөө курмандыктары болгон балдардын азаптарынан кийин биз да Палестина элинин азабын жеңилдетүүгө аракет кылышыбыз керек. Ок атышууну токтотуу уланат деп үмүттөнөм», — деди Таяни.

Таяани АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа планына да токтолуп: «Италиянын позициясы өзгөргөн жок. Чечим: Эки эл, эки мамлекет. Египет да, Иордания да Трамптын бул планы ишке ашат деп эсептебейт», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз